Орусияда жаран досун мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелүүдө

Орусиянын Ангарск шаарында жаран досун мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелип жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, шектүү маркумдун жансыз денесин бөлүктөргө бөлүп, сууга агызып жиберген. Окуя гаражда болгон. Алар ичимдик ичип, мас абалында урушуп кетишкен. Жаңжалдын жүрүшүндө кылмышка шектүү колундагы балканы алып, маркумдун денесинин ар кайсы жерлерине бир нече жолу урган. Киши жеринде каза болгон.
"Кылмышкер кылмыштын изин жашырууга аракет кылып, маркумдун денесин бөлүктөргө бөлүп, унаанын багажына салып койгон",- деп берилет маалыматта.
Кылмышкер унааны Ангара дарыясына айдап барып, сууга дененин бөлүктөрүн агызган. Андан кийин ал качып кетүүгө аракет кылган, бирок укук коргоо кызматкерлери тарабынан кармалган.
Аталган факт боюнча “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган жарандын баш коргоо чарасын сот жакында аныктайт.
