super.kg logo
  Спорт  

Кыргызстандык шахматчы Эдиса Бердибаева Дүйнө чемпиону болду (фото)

 

Кечээ, 7-августта окуучу командалар арасындагы дүйнө чемпиондугунун акыркы туру аяктап, жыйынтыктар чыгарылды. Жыйынтыгында кыргызстандык шахматчы Эдиса Бердибаева Дүйнө чемпиону аталып, үчүнчү тактада жекече эсепте жеңүүчү болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Эдиса Бердибаева үчүнчү тактада 8 упайдын 8ин алып, 100 пайыз натыйжа көрсөткөн жалгыз шахматчы кыз болду. Мындай жыйынтыкка ошондой эле Казакстандын ФИДЕ мастери Ахилбай Имангали экинчи тактада жетишти. Экөө тең 250 шахматчынын ичинен 100 пайыз натыйжа көрсөткөн спортчулар болду.

Белгилей кетсек, Дүйнө чемпиондугунун алдында Эдиса Борбордук Азия чемпиондугуна катышкан. Ал жерде акыркы турда өзбекстандык спортчуну, тагыраагы 17 жашка чейинки окуучу кыздар арасында рапид боюнча учурдагы дүйнө чемпиону болгон Зилола Актамованы жеңип алган. Бул жеңиш анын курама командадагы өнөктөшү Бегимай Жаныбековага турнирде биринчи орунду ээлөөгө жана кыздар арасында эл аралык чебер наамын алууга чоң жардам берген.

Маалымат үчүн: Эдиса Бердибаева кыз-келиндер арасында спорт чеберлигине талапкер;
- 2021 жана 2023-жылдары 18 жашка чейинки жана 20 жашка чейинки кыз-келиндер арасында Кыргызстандын чемпиону;
- 2024-жылы 14 жашка чейинкилер арасында Борбор Азиянын вице-чемпиону;
- 2022-жылы Азербайжанда өткөн 16 жашка чейинки жаштар олимпиадалык курама командасынын мүчөсү;
- 2020-жылдан бери Кыргызстандын чемпиондугунда көп жолу байге алган;
- Эл аралык Опен турнирлеринде көп жолу байгелүү орундарга ээ болгон;
- Континенталдык командалык турнирлерде көп жолу байгелүү орундарга жетишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: