Кара-Сууда суусундуктарды мыйзамсыз чыгарган цех аныкталды







Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагында газдалган суусундуктарды мыйзамсыз чыгаруу менен алектенген жер астындагы цех аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, таттуу суусундуктарды чыгаруу менен алектенген "Деревенский квас", "Анар" жана "Деревенский ширеси" аттуу жашыруун цехтер аныкталган.
Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын, мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын жана салык кызматынын кызматкерлери тарабынан текшерүү жүршүндө, тамак-аш азыктарында технологиялык процесстердин бузулушу жана тыюу салынган заттардын колдонулушу боюнча айыптар салынып, экспертизадан өткөрүү үчүн үлгүлөр алынды.
Азыркы учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:00
2025-08-09

16:01
2025-08-08
Рейтинг:
0

