super.kg logo
  Спорт  

 Кыргызстанда "Аламан улак" федерациясы түзүлдү

 

Өлкөдө "Аламан улак" федерациясы түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, акыркы мезгилде улуттук "Аламан улак" оюнунун өткөрүүдө бирдиктүү регламенттин жана эрежелеринин жоктугунан спорттук командалардын ортосунда ар түрдүү чыр-чатактар чыгып, кээ бир учурларда алынган оор дене жаракаттарынан улам адам өлүмүнө алып келген учурлар катталууда. Ушуга байланыштуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасына ылайык, оюнду уюштурууну жана өткөрүүнү иретке келтирүү боюнча жумушчу топ түзүлгөн.

Жумушчу топтун комплекстүү алып барган ишинин натыйжасында "Аламан улак" оюнун уюштуруу жана өткөрүү иштерин жөнгө салууга багытталган жаңы жоболор жана регламенттер иштелип чыгып, бекитилди.

Негизги чаралар төмөнкүлөрдү камтыйт:
• Оюндун так эрежелерин белгилөө;
• Уюштуруучуларга жана катышуучуларга милдеттүү талаптарды киргизүү;
• Эрежелерди бузгандыгы үчүн жазаларды жана тартиптик чараларды күчөтүү;
• Коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чараларды күчөтүү.

Ошондой эле "Аламан улак" федерациясы коомдук уюму расмий каттоодон өтүп, Чолпонбай Исмаилов федерациянын президенти болуп шайланды. Ал эми УКМКнын иш сапары менен келген кызматкери федерация президентинин кеңешчиси кызматына дайындалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: