Казакстанда алгачкы АЭСтин курулушу башталды
Казакстандын Алматы облусунун Үлкен айылында өлкөнүн биринчи атомдук электр станциясынын курулушунун башталышы боюнча расмий иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.
Аталган иш-чарага Казакстандын Атомдук энергия агенттигинин башчысы Алмасадам Саткалиев жана "Росатом" мамлекеттик корпорациясынын башкы директору Алексей Лихачёв катышты.
Курулуш иштери топурак бургулап алуу менен башталды. Алынган үлгүлөр анализ жүргүзүү үчүн орусиялык тарапка тапшырылат.
Станция Нововоронеж АЭСинин №6-энергоблокунун долбоору боюнча курулат. Саткалиевдин айтымында, долбоордун жалпы инвестиция көлөмү 14–15 миллиард долларды түзөт. Мындан тышкары, 21 миллиард доллар социалдык объекттерге жана заманбап инфраструктурага жумшалмакчы.
Анын айтымында, долбоорго Казакстандын ишканалары жана илимий уюмдары тартылууда, бул миңдеген жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болот.
Алексей Лихачёв мындай деди: "Казакстан дүйнөлүк атомдук энергетиканын "элитасына" кирет. Бул жерде дүйнөлүк уран запасынын 40 пайызы казылып алынат. Казакстан ядролук технология тармагында чоң тажрыйбага ээ. Бул тармактагы кызматташтык 1940-жылдардан бери уланып келет".
Долбоордун так бүткөн мөөнөтү азырынча жарыяланган жок, бирок буга чейин бийлик АЭСти 2030-жылдары ишке киргизүүнү пландап жатканын билдирген.
