Ысык-Көлдө эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт




Бостериде 13-августта "Baytur Resort & SPAда" эл аралык илимий-практикалык конференциясы өтөт.
Конференция саат 15:00дөн 17:00гө чейин болот. Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулганына он жыл толгонуна байланыштуу, бул дата өлкө үчүн тарыхый белги гана болбостон, регионалдык интеграциянын терең анализин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк жаратат.
Эл аралык илимий-практикалык конференция Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болушунун биринчи он жылдыгына арналган негизги эксперттик аянтчалардын бири болуп саналат.
Иш-чаранын жүрүшүндө өлкөнүн союз ичиндеги экономикалык, социалдык жана институционалдык динамикасы талданып, алдыдагы баскычтардагы артыкчылыктар жана стратегиялык багыттар белгиленет.
СПИКЕРЛЕР:
• Данияр Амангелдиев – Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары, экономика илимдеринин кандидаты
• Темир Сариев – Соода-өнөр жай палатасынын президенти, экс-премьер-министр
• Артём Новиков – Орусия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы, экономика илимдеринин кандидаты
• Сергей Глазьев – Беларус менен Орусиянын Союздук мамлекетинин мамлекеттик катчысы, экономика илимдеринин доктору, профессор
• Фёдор Войтоловский – Орусия Илимдер академиясынын ИМЭМО институтунун директору, профессор
• Мурат Каримсаков – Казакстандын "Атамекен" Улуттук ишкерлер палатасынын Президиумунун катчылыгынын жетекчиси
• Денис Муха – Беларус Улуттук илимдер академиясынын Экономика институтунун директору
• ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн алдыңкы экономисттери, саясатчылар жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү
Конференциянын алкагында:
- Кыргызстандын ЕАЭБге кошулган 10 жылдык тажрыйбасына илимий жана практикалык баа берилет
- Регионалдык интеграциядагы жетишкендиктер, кыйынчылыктар жана келечектеги мүмкүнчүлүктөр каралат
- Евразиялык мейкиндикте өз ара кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган сунуштар иштелип чыгат
Бул конференция - илимий түшүнүктөр менен практикалык чечимдер бириктирилген ачык диалог аянтчасы болуп, ЕАЭБдин келечектеги өнүгүүсүнө салым кошо турган маанилүү эксперттик иш-чара катары бааланат.



