super.kg logo
  Саясат  

Президент "Ысык-Көл автовокзалы" филиалынын жаңыланган имараты менен таанышты 

 

Бүгүн, 8-августта президент Садыр Жапаров Каракол шаарында "Кыргыз Автобекети" мамлекеттик ишканасынын "Ысык-Көл автовокзалы" филиалынын башкы имаратын капиталдык оңдоо жана модернизациялоонун жыйынтыгы менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Буга чейин мамлекет башчысы 2024-жылдын май айында Караколго болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө 1988-жылы ишке киргизилген автовокзалды капиталдык оңдоодон өткөрүп, комплекстүү түрдө жаңылоону тапшырган.

Президентке бүгүнкү күндө "Ысык-Көл автовокзалы" суткасына 500дөн 1000ге чейин жүргүнчүгө тейлөө көрсөтө алары жана 76 каттам боюнча, анын ичинде 1 эл аралык, 16 облустар аралык, 17 облус ичиндеги шаарлар аралык, ошондой эле 42 шаар четиндеги жана райондук багыттар боюнча ташууларды камсыздай турганы тууралуу маалымдалды.

Садыр Жапаровго капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүндө чатыры алмаштырылганы, инженердик тармактар жаңыланганы, ички бөлмөлөр заманбап жасалгаланганы, жаңы терезелер жана эшиктер, LED-экран жана трансляциялык түйүн орнотулганы, имараттын фасады жаңыланганы, ошондой эле аймак көрктөндүрүлгөнү тууралуу маалымат берилди.

Муну менен катар Транспорт жана коммуникациялар министрлиги автовокзалдын аймагын асфальттоо иштерин жүргүзүүдө.

Президент бардык иштер аяктагандан кийин Каракол автовокзалы заманбап, функционалдуу жана аймактын калкын жана конокторун тейлөөнүн жогорку стандарттарына жооп берген, ыңгайлуу транспорттук түйүн болуп калат деген үмүтүн билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: