super.kg logo

Жогорку Соттун төрагасы: "Адилеттүүлүк сатылбайт"

 
Кечээ, 7-августта Жогорку Соттун төрагасы Медербек Сатыев жергиликтүү соттор менен онлайн-кеңешме өткөрдү. Анда соңку учурдагы айрым судьялар менен сот аппаратынын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери айтылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, онлайн-кеңешмеде судьялардын эмгек акылары жогорулап, материалдык-техникалык база чыңдалып, натыйжалуу иштөө үчүн бардык шарттар түзүлүп жаткандыгы баса белгиленди. Ошол эле учурда айрым кызматкерлердин мыйзамсыз аракеттери жана этикага туура келбеген жүрүм-туруму жалпы сот бийлигинин аброюна шек жаратып жатканы айтылды.
"Канчалык эскертүүлөр, талаптар коюлгандыгына карабастан айрым судьялардын пара менен кармалып, тергөө иштери жүрүп жатканы сот системасынын кадыр-баркына чоң залал келтирүүдө. Ал эми мындай көрүнүштөр коомчулук арасында сотторго карата терс сын-пикирлердин күч алышына түрткү берип жатат.
Ошондуктан айрым судьялардын, сот кызматкерлеринин мыйзамсыз иштерге барып жатканына облустук, райондук соттордун төрагалары, сиздер да моралдык жактан жооптуу экениңиздерди унутпаңыздар! Анткени сиздер тарабынан бул багытта жетиштүү деңгээлде алдын алуу иштери жүргүзүлбөй жатканынан кабар берет", - деди төрага.
Мындан тышкары Медербек Сатыев, судья — адилеттиктин тиреги, коомдогу мыйзамдуулукту камсыз кылган адам экени, ар бир жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого милдеттүү экендигин баса белгиледи.
Жогорку Соттун төрагасы, өлкөнүн Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясына келип түшкөн бардык кайрылуулар жана даттануулар кылдат каралышы керектигин баса белгилеп, эгерде бузуулар аныкталса, катаал чаралар көрүлүшү керектигин билдирди.
Жергиликтүү сотторго жалпы жыйындарды өткөрүү, сот аппараттарынын кызматкерлерине этикалык нормаларды жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча так талаптарды коюу, бул маселени катуу көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилди. Сотко кайрылган жарандарга сылык жана урматтоо менен мамиле кылууга өзгөчө маани берүү зарылдыгын белгиледи.
Видеоконференция форматында өткөн кеңешмени жыйынтыктап жатып, төрага Медербек Сатыев сот тутуму тазалануу процессин улантарын катуу эскертип, мыйзам бузгандар кызматтан кетип эле тим болбостон, аларга карата колдонуудагы мыйзамдарга ылайык катаал жоопкерчилик караларын эскертти.





08.08.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: