Соттон билдирүү эми электрондук форматта келет
Мындан ары тараптар SMS билдирүүлөр, электрондук почта, факс жана башка санарип байланыш ыкмаларын колдонуу аркылуу кабарланышат. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта Жогорку Сот кабарлады.
Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Бул өзгөртүүлөр жарандык иштер боюнча процесстин катышуучуларын заманбап техникалык жетишкендиктерди эске алуу менен кабардар кылуу тартибине тиешелүү.
- Сот өндүрүшү жөнүндө тараптарга кабарлоонун кыйла натыйжалуу жана ыкчам маалымат берүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү
- Сот ишин атайылап узартуу аракеттерине жол берилбейт
- Сот адилеттигине жетүү эл үчүн жеңилирээк жана жеткиликтүүрөөк болот.
Бул сотко тараптарды кабарлоо ыкчамдыгын камсыз кылып, соттук отурумдардын убактысы, орду жөнүндө өз убагында кабарлоону камсыз кылат.
Мыйзамдын долбоору бюджеттин эсебинен кошумча каржылоону талап кылбайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:01
2025-08-09

9:08
2025-08-09

22:27
2025-08-08

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.