super.kg logo
  Спорт  

Кыргызстандын U-20 айымдар курамасы сингапурлуктарды жеңди

 

Бүгүн, 8-август күнү Кыргызстандын U-20 айымдар курама командасы 2026-жылкы Азия кубогунун тандоо оюндарынын 2-туру алкагында Сингапур курамасы менен ойноп, Кыргызстандын курамасы жеңишке жетти. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдирди.

Беттеш Вьетнамдын Ханой шаарынын машыгуу борборунда орун алды. Оюндун биринчи бөлүгүндө кураманын чабуулчусу Алина Гапарова (25') эсеп санды ачты. Бул эсеп саны оюндун аягына чейин өзгөрүүсүз калып, команда жеңишти камсыздады.

Курама команда өз тайпасында эми 10-августта Вьетнамга каршы беттешти өткөрөт.

Белгилесек, тандап алуу оюндарга жалпысынан 33 курама катышып, алар 8 тайпага бөлүнгөн. Азия Кубогуна финалдык бөлүгүнө тайпалардын жеңүүчүлөрү жана эми мыкты көрсөткүчтөр менен тайпада экинчи орунду ээлеген командалар жолдомо алат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: