Ысык-Көлдө ӨКМдин жаңы административдик имараты ачылды






Бүгүн, 8-августта президент Садыр Жапаров Каракол шаарында Ысык-Көл облусу боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкармалыгынын жаңы административдик имаратынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Эски имарат 1956-жылы курулуп, дээрлик 70 жыл пайдаланылган. Анда 10 жумушчу кабинет, ошондой эле нөөмөт бөлүмү жана кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору жайгашкан. Кызматкерлер кыйын шарттарда кызмат өтөөгө аргасыз болушкан, бул белгиленген санитардык талаптарга жооп берген эмес жана кызматтык милдеттерин аткарууда кыйынчылыктарды жаратып келген.
Имарат авариялык абалда деп табылгандыгына байланыштуу, шаардык жарандык коргонуу комиссиясы коопсуздук, ишенимдүүлүк жана иштин натыйжалуу уюштурулушу боюнча талаптарга толук жооп берген жаңы заманбап административдик комплексти куруу жөнүндө чечим кабыл алган.
Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчысы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын техникасын көрүп, кызматкерлердин иштөө шарттары менен таанышты. Садыр Жапаровго эрте эскертүү системасынын иштеши, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар коркунучунда колдонулуучу мониторинг жана чара көрүү механизмдери тууралуу маалымат берилди.
Жапаров куткаруу кызматтарынын ыкчам чара көрүүгө даярдыгын жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгилеп, ӨКМдин материалдык-техникалык базасын чыңдоо мындан ары да жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болорун баса белгиледи.



