super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Каракол шаарын өнүктүрүү пландары менен таанышты

 
Бүгүн, 8-августта президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Каракол шаарын өнүктүрүү боюнча пландар менен таанышты. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысына шаарды көрктөндүрүү, транспорттук инфраструктураны модернизациялоо жана туристтик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча пландалган чаралар тууралуу маалымат берилди.

Шаар мэри Каныбек Адиев Каракол дарыясынын боюнда узундугу 2 чакырым болгон жээк паркы курулуп, жөө жүргүнчүлөр, велосипед тебүүчүлөр жана активдүү эс алууну сүйүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөрүн билдирди.

Ошондой эле Масалиев көчөсүндөгү аллеяны жашылдандыруу, заманбап жарыктандырууну орнотуу жана коммерциялык аймактарды түзүү мерчемделген. Шаардын экологиясын жакшыртуу үчүн ирригациялык системаны модернизациялоо каралган.

Коомдук унааларды өнүктүрүү максатында электробустарды сатып алуу жана тиешелүү кубаттоочу инфраструктураны орнотуу пландаштырылууда.

Маданият тармагына өзгөчө көңүл бурулууда: край таануу музейинин алдында тарыхый-маданий кварталды түзүү жана мурдагы облустук статистика башкармалыгынын имаратын реставрациялоо менен анда музей мейкиндигин ачуу каралган.

Мындан тышкары Каракол шаарында 5000 орундуу заманбап спорттук комплекстин курулушу башталат, анын ичинде спорттун ар кандай түрлөрү үчүн залдар, бассейн жана мейманкана болот.

Мамлекет башчысы бул долбоорлорду ишке ашыруу шаар тургундарынын жашоо сапатын, шаардык чөйрөнү жакшыртууга жана аймактын туристтик жагымдуулугун арттырууга өбөлгө түзүшү керектигин баса белгиледи.

Жапаров ар бир долбоор боюнча чыгашалардын толук сметасын түзүүнү жана бөлүнүп жаткан каражаттардын сарамжалдуу, максаттуу пайдаланылышын камсыз кылууну тапшырды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: