super.kg logo

CNN: НАТО Украина үчүн АКШдан курал сатып алуунун жаңы схемасын иштеп чыкты

 

АКШнын Коргоо министрлиги менен НАТО уюму Европа өлкөлөрүнүн Украина үчүн курал сатып алуусунун жаңы схемасын иштеп чыгышты. Бул тууралуу CNN басылмасы жазды.

Жаңы механизмдин алкагында НАТО үчүн өзүнчө банк эсеби түзүлүп, союздаштар ошол эсепке акча которуп, АКШдан курал сатып алууда колдоно алышат.

Украина керектүү куралдардын тизмесин түздөн-түз НАТОго жөнөтөт, андан кийин АКШнын Европа боюнча командачылыгынын башчысы жана НАТОнун Европадагы бириккен күчтөрүнүн башкы кол башчысы Алексус Гринкевич АКШда сатууга жетиштүү запастар бар-жогун тактайт.

Андан соң Гринкевич тизмени европалык өнөктөштөргө өткөрүп берип, алар курал сатып алуусун камсыз кылат.

CNN белгилегендей, Пентагондо июль айында Украинага жөнөтүлүшү керек болгон куралды кайрадан АКШнын запасына кайтарууга мүмкүнчүлүк берген меморандум даярдалган.

НАТО өлкөлөрү Украина үчүн курал сатып алууга 10 миллиард доллар бөлүүнү пландап жатышат. Буга чейин альянстын башкы катчысы Марк Рютте НАТОго мүчө өлкөлөр Украинага курал-жарак берүү үчүн 1 миллиард доллардан ашык каражат бөлүүгө милдеттенме алышканын билдирген. Мисалы, Нидерланд өлкөсү Украинага 500 миллион евролук америкалык курал өткөрүп берүүнү көздөп жатышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: