super.kg logo

Жерге чейин 17 саат: Crew Dragon кемеси Эл аралык космос станциясынан ажырады (видео)

 

Бүгүн, 9-августка караган түнү америкалык SpaceX компаниясына таандык Crew Dragon кемеси Эл аралык космос станциясынан ажырады. Ал Жерге Crew-10 миссиясынын төрт катышуучусун жеткирет.

Бул Crew Dragon C210 Endurance кемесинин космоско болгон төртүнчү учуусу болуп саналат. Ал 9-августта Бишкек убактысы боюнча саат 4:15те станциянын Harmony модулунан (америкалык сектор) ажырап, коопсуз аралыкка чыкты. Кеме ажырагандан кийин болжол менен 17,5 сааттын ичинде АКШнын Калифорния штатындагы Тынч океан жээгине конушу күтүлүүдө.

Жерге NASAдан Николь Айерс менен Энн Макклейн, Япониянын космос изилдөө агенттигинен (JAXA) Такуя Ониши жана орусиялык Роскосмостун космонавты Кирилл Песков учуп келишет. Алар космостогу станцияга быйыл март айында барган. Crew-10 миссиясынын катышуучулары орбитада 145 күн болгон. Макклейн менен Ониши үчүн бул космоско болгон экинчи учуу болсо, Песков менен Айерс үчүн биринчи болду.

Ал эми Эл аралык космос станциясында NASAнын астронавттары Зена Кардман менен Эдвард Финк, JAXAнын астронавту Кимия Юи жана Роскосмостун космонавту Олег Платонов калышты. Алар 2-августта Crew-11 миссиясы боюнча станцияга барышкан.






видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: