super.kg logo

Агартуу министрлигинде жеке менчик мектептерди лицензиялоо маселеси талкууланды

 

Кечээ, 8-августта Агартуу министрлигинде жеке менчик мектептерди лицензиялоону жөнөкөйлөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун алгачкы отуруму болду. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Иш-чарада “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында башталгыч жалпы билим берүү программаларын ишке ашырган жеке менчик мектептерди лицензиялоону жөнөкөйлөтүү аркылуу билим алууга жеткиликтүүлүктү камсыздоо маселеси талкууланды.

Жыйынга Агартуу министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Экономика жана коммерция министрлигинин, Финансы министрлигинин, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлери, ошондой эле президенттин Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышты.

Агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова республикада жалпы билим берүү уюмдарынын жетишсиздигин жоюунун бир жолу жеке менчик мектептердин санын көбөйтүү экендигин, ал үчүн заман талабына ылайык жеке менчик мектептерди лицензиялоо жол-жобосун жөнөкөйлөтүү жана автоматташтыруу зарыл экендигин белгиледи.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү жеке менчик мектептер жайгаша турган имараттардын өрт коопсуздугунун талаптарына жана санитардык нормаларга жооп беришине өзгөчө көңүл буруу керектигин билдирди.

Жыйынтыгында 100 күндүк мөөнөттө жеке менчик мектептерди лицензиялоону жөнөкөйлөтүүгө багытталган иш-чаралардын так планын иштеп чыгуу чечими кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: