Өзгөндө күрүч таңгактоочу логистикалык борбор курулат
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Өзгөн районундагы Төрт-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Макаренко айылындагы күрүч таңгактоочу логистикалык борбордун пайдубалын курууда капсула салуу аземине катышты. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, бул логистикалык борбор айыл өкмөттүн балансында болот.
Логистикалык борбордун жалпы аянты 900 чарчы метр, долбоордун жалпы сметалык баасы 17 миллион сомду түзөт. Курулуш иштерине Ош облусунун өнүктүрүү фондунан 10 миллион сом, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын Өзгөн өнүктүрүү фондунан 5 миллион сом, ал эми айыл өкмөтүнүн бюджетинен 2 миллион сом бөлүнүп берилген.
Андан тышкары АРИС программасынын САSА-1000 долбоору аркылуу 6,8 миллион сом акча каражаты бөлүнүп, бүгүнкү күндө күрүчтү көлөмүнө жараша бөлүп таңгактоочу заман талабына жооп берген жабдыктар алынды. Курулуш иштери бүтсө ишке берилет.
Андан сырткары кластердик чынжырча аркылуу Дүйнөлүк Банк тарабынан 100 миллион сом акча каражаты бөлүнүп, ага 5 трактор, 2 жүк ташуучу машина, 4 шалы оруучу комбайн, 1 экскаватор, 1 портер унаасы, 1 дары чачуучу дрон алуу каралып, анын ичинен 1 экскаватор, 4 шалы оруучу комбайн алынып, ишке берилди.



