Бишкекте Орок айылындагы көрүстөндө өрт чыкты (видео)
Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Орок айылында көрүстөндө ачык аянтта куураган чөптөн өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жеринде өзү көзөмөлдөп, жалындын жайылуу коркунучуна каршы аракеттерди көрүү ишин башкарууда.
Тилсиз жоону өчүрүүгө саат 11:20дан тарта ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу жалпы 5 күжүрмөн эсеп, 8 куткаруучу жана штаб тартылган.
Учурда өрт өчүрүү иштери жүрүүдө.
өрт
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















