super.kg logo

Барселона – бул футбол гана эмес... 

 

Бүгүн порталыбыздын #Sayakattime рубрикасы менен Испаниянын Барселона шаарына саякаттайбыз. Барселона – бир гана футбол эмес, архитектурасы кооз, көчөлөрүндө жандуу музыка ойногон көчө музыканттары, туздуу деңиздин жыты бар, тарыхы кызыктуу шаар экен. Мен жайдын так ортосунда барганым үчүн абасы ысык болду. Шаардан алгач эле байкаганым, Европанын башка шаарларына салыштырмалуу баалары кымбат экен. Буга себеп – туристтердин көптүгү жана дүйнөлүк деңгээлдеги олимпиада жана оюндар өткөрүлүп турганы болсо керек деп ойлоп койдум.

Шаарда туристтер чын эле аябагандай көп экен. Барселоналыктардын жыл сайын бама-бай туристтерге каршы митингдерди уюштуруп турганынын себебин түшүндүм.

Эң алгач менин багытым Саграда Фамилия базиликасы болду. Бул Гаудинин бүтбөй калган чыгармасы деп айтылып келет. Базилика дүйнө тарыхындагы эң узакка созулган курулуш катары белгилүү. Анткени анын курулушу 1882-жылы башталган. Алгач архитектору Франсиско де Паула дель Вильяр болгон. Бир жылдан кийин жасалгалаган жумуштардан канааттанбаган шаардык кеңеш Гаудини чакырган. Антонио Гауди бул курулушту 43 жыл бою өз жашоосунун борборуна айланткан.

Саграда Фамилиянын өзгөчөлүгү — анын бүтпөй келе жаткан архитектуралык чыгармасы. 1926-жылы Гаудини трамвай сүзүп, 73 жашында каза болгон. Бирок курулуш токтобой, азыркы күнгө чейин уланууда. Испаниядагы жарандык согуш учурунда көп долбоорлор, моделдер күйүп кеткен. Азыр курулуш негизинен туристтик кирешеден каржыланат.

Гауди бул соборду куруп жатып, имарат тууралуу айткандары көп. Ал Саграда Фамилияны дүйнөдөгү эң өзгөчө, уникалдуу жана белгилүү имарат катары көргөн. Гауди бул собордун архитектуралык жана руханий маанисин абдан жогору баалаган.

Ал өз учурунда мындай сөздөрдү айткан:

  • "Бул собор дүйнөдөгү эң сонун жана эң өзгөчө имарат болот"
  • "Мен бул ишти баштадым, бирок аны бүтпөй турган мурас катары калтырам"
  • "Менин иштерим — бул адамдын руханий жашоосунун архитектуралык формасы"

Собордогу мунаралар асмандай бийик, дубалдары толкун сыяктуу ийилип, ар бир элементтин артында диний жана табиятка байланыштуу символдор жашырылган. Мунарага чыгып, шаарды көзөмөлдөп отурганда, Барселона туурасы чоң шахмат тактасыдай тартиптүү жана кооз көрүнөт.

Ичинде болсо бийик дубалдар бар, тирөөчтөр ийилген дарактар сыяктуу көрүнөт. Чоң терезелеринде витраждар орнотулуптур. Алардан өткөн күндүн нуру имараттын ичин түркүн түскө боёйт. Жалпысынан Саграда Фамилиянын ичи табият менен диндин гармониясын, жаратылыштын кооздугун жана адамдын руханий тереңдигин чагылдырып турат экен.

Бул жака кирүү үчүн шаарга келгенден бир нече күн мурун эле онлайн билет алууну сунуштайм. Анткени кезекке туруп билет алуу узакка созулат, башка көрүлүүчү жерлерге убакыт жетпей калышы мүмкүн.

Саграда Фамилиянын кооздугуна суктанып, Гаудинин ишинен таасирленген соң мен анын аталышындагы паркка баруунун туура көрдүм.

Парк Гуэль — жомоктогудай бак.

Парк — Гаудинин фантазиясынын жемиши. 1914-жылы Гауди шаар четиндеги дөңсөөгө укмуш парк куруу идеясын ишке ашыра баштаган. Алгач байлар үчүн турак жайлар комплекси болушу керек болчу, бирок долбоор коммерциялык ийгиликке жеткен эмес. Ошондуктан 1926-жылы парк муниципалдык менчикке өткөн. Азыр бул жер UNESCO мурастарынын тизмесинде.

Парк толгон-токой түстүү мозаика менен кооздолгон, жылан формасындагы узун отургучта отуруп, деңизди жана шаарды карап, тынчтык табасың. Бул жерде бийиктен көз чаптырсаң, Барселонада деңиз менен кагылышкан укмуштуудай пейзаж ачылат.

Бул жактын кооздугуна суктанып, бир аз эс алып алган соң, андан ары дагы бир өзгөчө имаратты көздөй багыт алдым.

Каса Батльо — деңиз толкуну.

Бул үйдүн фасады толкун сыяктуу ийилип, терезелери балыктын көзүнө окшош. Гауди 1904–1906-жылдары бул имаратты кайрадан долбоорлогон. Чатырында ажыдаар сымал формалар бар, ал Каталония мифологиясындагы ыйык Жорж менен ажыдаардын салгылашуусун символдойт.

Ичинде да бардык формалар тегерек, ийилип-бүктөлүп, жөнөкөй түз бурчтар жок, тепкичтер толкун сымал. Бул үйдү карап туруп, өзүңдү кайсы бир жомоктогудай сезесиң. Көпчүлүгү бул үйдү "Барселонанын жомогу" деп атап коюшат.

"Камп Ноу" — футболдун мекени

Футболдон анчалык деле түшүнүгүм жок, ошондуктан "Камп Ноу" стадионунун ичине кирген жокмун. Бирок сыртынан караганда анын бийиктиги жана чоңдугу таң калтырды. Барселона футбол клубунун күйөрмандары үчүн бул жерде болуу ыйык сапар сыяктуудай сезилди. Анткени автобуста баратканда футболдун фанаттары колдогон командаларынын футболкаларын кийип алышып, аябай толкунданып жатышканын байкадым.

Мен футболго түшүнбөгөнүм үчүн бул жерден токтоп, ичине кирип убактымды кетирбей, башка көрүүчү жайларга барууну туура көрдүм.

Ла Педрера — таш толкуну

Ла Педрера же Каса Мила — дагы бир Гаудинин шедеври. 1906–1912-жылдары курулган бул имараттын фасады тоонун бетиндеги таштай жасалган. Чатырындагы скульптуралар космостук аскерлердин шлемине окшош.

Бул имарат дагы Барселонага келген ар бир адам үчүн сөзсүз көрүшү керек болгон жерлердин бири. Анын үстүнөн Барселонанын көркүн толук көрүүгө болот.

Торре Глорис — түнкү шам

Кечинде Торре Глорисге барып, анын түнкү жаркырашын көрдүм. Бул 144 метр бийик мунара толук айнек менен жабылган. Түнкүсүн жарык берип, түсү ар кандай өзгөрүп турат — кызылдан көккө, жашылга жана бардык түстөргө. Калаанын түнкү көрүнүшүнө өзгөчө кооздук кошот.

Имарат 2005-жылы курулган. Алыстан гигант лампочка же суу тамчысы сыяктуу көрүнөт.

Колумбдун эстелиги – 1888-жылы дүйнөлүк көргөзмө үчүн курулган. Бийик мамынын үстүндө Христофор Колумбдун колу батышты көрсөтүп турат. Негизи анын колу Американы көрсөтүп турат деп айтылат. Бирок тескерисинче, ал Америка тарапты эмес, Жер Ортолук деңизди карап турат. Себеби эстелик символдук мааниде жасалган.

Туристтик автобуста баратканда маалымат берүүчү система Колумбдун эстелигинин курулушунун себеби анын Испанияга кошкон салымы, изилдөөчү жана саякатчы катары урматтап курулганын жана ал Американы ачып келе жатканда алгач Барселона шаарына кайтып келгенин айтып берди.

Эстеликтин ичиндеги лифт менен жогору чыгып, портту жана шаарды бийиктен көрүүгө болот.

Саякатымдын соңунда бул шаарда убагында Гауди эң негизги архитектору болгонуна анын эмгектерин көрүп ынандым. Учурда да анын атында көптөгөн кафе-ресторандар, магазиндер, туристтик сувенирлерди сатуучу жайлар, көчөлөр бар экен.

Жыйынтыктап айтканда Барселона — бул искусство, тарых, архитектура жана деңиздин жыты менен жашаган керемет шаар. Ар бир көчөсүндө, ар бир имаратында өзүнүн өзгөчө жомогу бар. Мен үчүн бул сапар эстен кеткис жана жүрөккө жакын болду.






Барселона

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: