"Анча-мынча мите курттар бар". Ташиев жемкорлук боюнча жаза күчөтүлгөнүн айтты
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жемкорлукка аралашкандар айып пул менен кута албастыгын билдирди.
"Азыр коррупцияга каршы күрөш өтө катуу жүрүп жатат. Быйыл Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизилди. Мындан ары коррупцияга аралашкан мамлекеттик кызматкерлер сөзсүз түрдө түрмөгө отурушат. Мурда жеген акчасын ордуна коюп, кылганын моюнуна алып, тергөө менен кызматташса айып пул салуу менен жазадан кутулуп келишкен. Эми мындан ары эмне кылса дагы абакка кесилет.
Жаңы мыйзамдын негизинде азыр коррупциялык иштер кескин түрдө азайды. Бирок баары бир бар. Арабызда анча-мынча мите курттар бар. Алар менен да күрөшөбүз",- деди ал Нарын облусуна болгон иш сапарында.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:41
2025-08-11

18:31
2025-08-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.