Бишкекте экинчи эл аралык "Курак" фестивалы өтүүдө (фото)







11–13-августта Бишкекте экинчи эл аралык «Курак» фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
"Курак — бул жөн гана кол өнөрчүлүк эмес, Борбор Азиянын маданий коду. Түркүн түстөгү жана ар түрдүү фактурадагы кездемелерден куралган жаркын полотнолор муундардын тарыхын баяндайт. Фестивалда 10 өлкөнүн усталары өз эмгектерин көрсөтүп, мастер-класстарды өткөрүшүп, текстиль калдыктарын кайра иштетүү боюнча тажрыйба алмашышат", - деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, фестивалдын негизги максаты жаштарды, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды жана “Одинокая старость” долбоорунун катышуучуларын чыгармачылыкка тартуу, эко — калдыктарды кайра иштетүү маданиятын жайылтуу жана курактын уникалдуу маданий мурасын сактоо жана өнүктүрүү болуп саналат.
Бүгүн, 11-августта экинчи эл аралык "Курак" фестивалдын ачылышы болуп анын алкагында, катышуучу өлкөлөрдүн желектер парады, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан жана Тажикстандын кол өнөрчү жана усталардын долбоорлорун тааныштыруу, курактан шыктанган автордук коллекциялардын мода көрсөтүүсү болду. Ошондой эле "Салттарды өрүп, туруктуу келечекти жаратуу!" аттуу маданият аралык долбоор жана эл аралык курак полотносун жаратуу эмгеги өтүп, "ЭкоЭтноКурак 2022" тасмасы көрсөтүлдү.
Фестиваль 12-13-август күндөрү уланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.