Талас жергесинде 17 маданият мекемеси текшерилди











Маданият министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков Таластагы маданият мекемелерин кыдырып чыкты. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.
Анда жалпы облус боюнча райондук жана шаардык 17 маданият мекемелеринин иши менен таанышты. Анын ичинде китепканалар, маданият үйлөр, музейлер, театр жана искусство мектептери бар. Анда ар бир имараттын тышкы көрүнүшү жана ички абалы, техникалык базасы текшерилди.
Надырбеков мекеменин айрым жетекчилерине эскертүүлөрдү берип, сунуштарын айтты. Ал эми маданият кызматкерлери суроолорун узатып, тийиштүү жоопторун ала алды.
Иш-сапар Манас районунан башталып, Айтматов, Бакай-Ата, Талас району жана Талас шаарына чейин уланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:39
2025-08-12

10:47
2025-08-12

10:11
2025-08-12

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.