super.kg logo

"Торттун акчасын төлөп койгула". Казакстандагы чуу жараткан окуянын чоо-жайы

 

Социалдык тармактарда коңшу өлкөдөгү торттун акчасы төлөнбөй калдандыгы боюнча чуу күндөн күнгө кызуу талкуу жаратууда. Акыркы күндөрдө чоң-чоң компаниялар да талкууга аралашып, аягы эмне менен бүтөрүнө кызыгышууда.

Маалыматтарга краганда, казакстандык этно-стилде төшөк, жаздыктарды жасаган ууз айым атайын иш-чарага өзгөчө формада, 18 килограммдык торт буюртма берген. Торттун баасы алдын ала сүйлөшүлгөн эмес. Анткени кондитер айымдын айтымында, буюртма берген айым улам өзгөртүүлөрдү киргизип жатканынан так баасын коё алган эмес. Бирок алдын ала төлөмгө 150 миң теңге сураган.

Буюртманын ээси алдын ала төлөмдү жалпы төлөмдүн 50 пайызы катары кабыл алып, тортту алып кеткенден кийин дагы 150 миң теңге төлөм жасаган. Бирок кондитер айым торттун баасы 600 миң теңге болгонун айтканда уз айым калган сумманы төлөгөн эмес.

Нааразы болгон кондитер айым социалдык тармактагы баракчасына окуянын чоо-жайын түшүндүрүп жазып чыккан. Бул тема бир нече күндөн бери кызуу талкуу жаратууда. Комментарийлерде эки тараптын тең колдоочулары чыгууда.

"Бул автордук эмгек, канча деген мээнет кетти. Мындай торттун сүрөтүн атайын машина менен тартууга да болбойт, кол эмгекти талап кылат. Көлөмү да чоң экен, торттун акчасын толук төлөп койгула", - деген сыяктуу комментарийлерге уз айым: "Оймолордун автору менмин, кондитерге оймолордун сүрөтүн мен бергенмин. Бул анын эмес, менин автордук эмгегим. Көлөмү боюнча айта турган болсом торт 18 килограмм эмес, жештүү жери 8-9 эле килограмм, калганы жасалга болчу",- деп жооп берди социалдык тармактагы баракчасында. Ошондой эле ал кондитер айымды сотко берерин айтты.

Жакында Алматыда болуп өткөн Женнифер Лопестин концертинен кийинки дрон-шоуда да "Заплатите за торт" деген жазуу чыкканын айтышууда. Андан тышкары, дизайнерлер окуяга байланыштуу ар түрдүү анимациялык сүрттөрдү жасап чыгышып, айрым банктар "тортко төлөм жасоо" деген атайын бөлүм ачылганын кабарлашып коомдун көңүлүн бурууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: