MEGA жаркыраган жай: Ысык-Көлдө «Hawaii Party»






Бул жай Ысык-Көлдүн жээгинде MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш операторунан «Hawaii Party» ыргагында өттү. Ар бир дем алыш күндөрү «Радуга», Чолпон-Ата, Бостери жана Балыкчы пляждары жаркыраган фестиваль аянтчаларына айланды.
Коноктор үчүн көӊүлдү көтөргөн жандуу тректер жаӊырып, конкурстар уюштурулуп, белектер тапшырылды, ал эми суунун жээгиндеги көбүк кечелери күндүн кульминациясы болду. Ачык аба ырайы, жылуу толкундар, күлкү, музыка жана кооз костюмдар майрамдын шаӊына көрк кошуп, көл үстүндө күндүн батышы ар бир иш-чараны чыныгы сыйкырга айлантты.
Адамдардын жүзүндөгү жылмаюу, достук баарлашуу жана учурдун кубанычы – бул жолугушууларга кооздук берип турду. Муну менен MEGA жөн гана байланыш оператору эмес, өзүнүн абоненттеринин жагымдуу эскерүүлөрүнүн бөлүгү боло алаарын дагы бир жолу көрсөттү.
Бул жайдагы «Hawaii Party» катышуучуларга жүздөгөн бактылуу көз ирмемдерди тартуулап, кийинки сезонго чейин жылуулук бере турган окуяга айланды.
MEGA - мыктыны тандоо!
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик байланыш агенттигинин лицензиялары: №14-1133-КР, №18-0326-КР, №18-0303-КР, №15-1446-КР, №16-0090-КР, №18-0261-КР
