Британиялык киши 10 мүнөткө каза болуп, кайра тирилген

Британиялык Мэтью Аллику инфаркттан кийин "он мүнөткө каза болуп" тирилгенден соң сезимдери тууралуу айтып берди. Бул тууралуу Mirror гезити жазып чыкты.
2023-жылдын август айында 42 жаштагы эки баланын атасы жумушта тепкичке чыга албай, ооруканага жеткирилген. Ал жерде өпкө эмболиясынан улам жүрөгү токтоп калган. Дарыгерлер клиникалык өлүм деп жарыялашкан. Бир нече мүнөттөн кийин бейтап жандандыруу бөлүмүнө түшүп, үч күн комада жаткан.
Аллику өзүнө келип, команы тынч уйкуга салыштырган. Ага бир нече жолу операция жасалып, кан куюлган. Дарыгерлер адам кычкылтек жетишпестигинен улам мээси калыбына келгис жабыркады деп чочулашкан, бирок британиялык жаран эс-тутуму бузулса да, эсине толук келген. Дарыгерлердин айтымында, мындай оор учурларда бейтаптардын беш пайызы гана аман калат.
Комадан кийин адам кыймылдай албай, ысымдарын чаташтырышып, түстөрдү ажырата албай калган. "Мен кантип отурууну, басууну, заара чыгарууну көзөмөлдөөнү кайра үйрөнүшүм керек болчу. Бул укмуштуудай саякат болду",- дейт Аллику.
