Санкт-Петербургда мигранттарга курьер болуп иштөөгө тыюу салынды
Орусиянын Санкт-Петербург шаарынын бийлиги чет өлкөлүк жарандарга патент менен иштөөгө тыюу салынган чөйрөлөрдүн тизмесин кеңейтти.
Чет өлкөлүк басылмалардын маалыматы боюнча, губернатор Александр Беглов мигранттар үчүн жабык кесиптердин тизмесин толуктады.
Эгер буга чейин чектөөлөр такси кызматтарына гана тиешелүү болсо, эми алар курьердик кызматтарды да камтыйт. Тыюу бардык түрдөгү жеткирүүлөргө тишелүү. Бул чара мыйзамсыз эмгекти кыскартууга, кызматтардын сапатын жана коопсуздугун жогорулатууга, ошондой эле шаардын тургундарына, айрыкча студенттер менен жаштарга кошумча жумуш орундарын түзүүгө багытталган.
Бизнестин жаңы эрежелерине ылайык иштей алышы үчүн үч айлык мөөнөтү каралды. Бул убакытта компаниялар кадр саясатын жаңы талаптарга ылайыкташтыруу милдетин алышат.
Санкт-Петербург мигранттарга чектөө киргизген жалгыз аймак эмес. Орусияда жумушчу күчүнүн жетишсиздиги 2,6 миллион адамга жеткен, бул бир жыл мурдагыга салыштырмалуу 17 пайызга көп. Эң чоң жетишсиздик өнөр жайда, соодада жана транспорт тармагында байкалууда.
