Ошко барган Ташиевди ыйлап тосуп чыккан эне мунуң айтты (видео)
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарында "уулум негизсиз абакта отурат" деген эненин айткандарын текшерүүгө алууну тапшырды.
Ал кечээ, 11-августа Ош шаарына иш сапары менен барып, калаа мэриясына алынган атайын техникаларды тапшыруу аземине катышкан. Гүлзина аттуу айым атайын кызматтын башчысынын алдынан тосуп чыгып, 17 жаштагы уулу оюнчук тапанчанын айынан 5 жылга камалып калганын айтты.
Ыйлаган эне соттук иштерде жактоочудан баштап баары акча сурап жатышканын билдирди. Ташиев ишти УКМКнын Ош облустук башкармалыгынын жетекчисинин биринчи орун басарына тапшырып, фактынын өз көзөмөлүнө аларын белгиледи.
12.08.25.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:55
2025-08-12

11:39
2025-08-12

10:47
2025-08-12

10:11
2025-08-12

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.