Акыйкатчынын жардамы менен жол кырсыгынан оор жаракат алган жарандын иши сотко жетти

Акыйкатчы институту жол кырсыгынын кесепетинен денесине оор залал келтирилген Талас облусунун тургунунун укугун коргоого колдоо көрсөттү. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.
Маалыматка ылайык, 15-июль күнү Талас районунун Кызыл-Адыр айылынын тургуну Э.Ч., акыйкатчы Жамила Жаманбаевага Н.у.Э.га карата кылмыш ишин козгоого көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган. Анын айынан учурда күйөөсү оор абалда.
Ал өз арызында 25-май күнү саат 22:07 чамасында Ч. Айтматов жана М.Айтматов көчөлөрүндө Mercedes-Benz E-Class 210 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу катуу ылдамдыкта каршы тилкеге чыгып кетип, арыз ээсинин күйөөсү А.М айдап бара жаткан Фольксваген Гольф 3 үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан. Жабыркаган тарап ошондой эле медициналык текшерүү учурунда Н.у.Э.нын кырсык учурунда алкоголдук ичимдиктерге мас болгондугу тастыкталганын билдирген.
Күйөөсүнүн диафрагмасы жарылган жана тизесинде сөөк сынган деген диагноз коюлган. Ага эки жолу операция жасалган.
Арыз ээсинин айтымында, видеоматериалдар, ошондой эле эки унаанын катышуусундагы кырсыкка күбө болгондор бар. Жабыркаган тарап 28-майда райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Ал эми райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Н.Т., соттук-медициналык жана автотехникалык экспертизанын жыйынтыгын күтүү керектигин айтып, кылмыш ишин козгогон эмес. Кийин 4-июлда кылмыштын курамы жок болгондуктан кылмыш ишин козгоодон баш тартуу тууралуу токтом чыгарган.
"Учурда үй-бүлөбүз абдан оор абалда. Күйөөмдү багып жаткандыктан жумушка чыга албайм. Балдарыбыздын окуусу үчүн алган кредиттерибизди, контракттарды төлөй албай жатабыз. Кырсыктын күнөөкөрү кечирим сурагандан тайынбай, болгон окуя үчүн бизди күнөөлөп, кысым көрсөтүп жатат. Жолдошубуздун айыгып, дарыланышы үчүн жакындары акча чогултуп беришкен",- деген аял.
16-июль күнү Аакыйкатчынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Ч.нын билдирүүсү боюнча текшерүү жүргүзүү үчүн райондук прокуратурага расмий кайрылуу жолдогон. 24-июлда көзөмөл органы соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен А.М. денесине оор залал келтирген деген жыйынтык чыгарган. Ошондой эле автотехникалык экспертизанын корутундусу менен таанышып, иш кайрадан тергөөгө чейинки текшерүүгө райондук ички иштер бөлүмүнө жөнөтүлгөнүн билдиришкен.
Өз кезегинде Айтматов райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 2-бөлүмүнүн «Кайсылбастыктан ден соолукка оор залал келтирүү менен коштолгон жол кыймылынын жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу» боюнча кылмыш иши козголду.
Бүгүнкү күндө тергөө амалдары аяктап, Н.у. Э. кармалып, иш сотко өткөрүлдү.

