АКШнын вице-президенти Вэнс: "Украинанын согушун каржылоодон чарчадык"
АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Украинага согушта каржылык жардам берүүнү токтотууну жана аймакта тынчтык орнотууну кааларын билдирди. Бул тууралуу Fox News телеканалы кабарлады.
"Биз Украинанын согушун каржылап чарчадык. Бул маселеге эми тынчтык жолу менен чечим табууну каалайбыз",- деди ал.
Анын айтымында, америкалыктар да өз салык акчаларынын бул согушка кетишинен чарчап бүттү. Ошондой эле ал Европа өлкөлөрү жоопкерчиликти көбүрөөк алышы керектигин белгиледи.
Вэнс Британияга болгон сапарында да бул маселени көтөргөнүн айтты.
"Европалыктарга айткан сөзүбүз жөнөкөй болду: Бул согуш силердин моюнуңарда, силердин өлкөңөрдүн жанында болуп жатат. Демек, силер бир кадам алдыга чыгып, чоңураак аракеттерди жасашыңар керек. Эгер бул жаңжалды ушунчалык маанилүү деп эсептесеңер, анда аны түздөн-түз көбүрөөк каржылоого даяр болушуңар зарыл",- деди Вэнс.

