super.kg logo

Өкмөт башчы Денис Петрашовго акчалай сыйлык тапшырды

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпиондугунда коло медаль уткан Денис Петрашовду, ошондой эле анын атасы жана машыктыруучусу Евгений Петрашовду кабыл алды. Бул тууралуу өкмөт билдирди.

Жолугушууда Касымалиев Петрашовду куттуктады.

“Кыргызстандын 100 метрге брасс стилинде сууда сүзүү боюнча жаңы рекордуңуз менен куттуктайм! Мурунку рекорд дагы сизге таандык болчу. Бул жыйынтык – 58,88 секунд, бул сиз көп жылдык тынымсыз эмгектин, туруктуулуктун жана чечкиндүү эрктин аркасында жеткен чоку. Бул жеңиш ата менен баланын биргелешкен аракети менен жасалды – алар 6 Олимпиадага катышкан. Евгений Георгиевич, сиз 1996, 2000 жана 2004-жылдардагы Олимпиадаларга катышкансыз, ал эми уулуңуз 2016, 2020 жана 2024-жылдардагы Олимпиадаларга катышты”,- деди Касымалиев.

Ошондой эле, ал мамлекет мындан ары да спортчуларды колдоп, даярдык көрүүгө жана жогорку натыйжаларга жетүүгө шарт түзөрүнө токтолду. Ал сууда сүзүүчү бассейни бар мектептер долбоорлонуп, Ысык-Көл элиталык туризмдин борборуна айланарын, бул суу спортунун өнүгүшүнө түрткү берерин белгиледи.

Жыйынтыгында өкмөт башчы акчалай сертификаттарды тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: