super.kg logo

Түштүк Кореяда аскерлердин саны 20 пайызга кыскарды 

 

Түштүк Кореянын куралдуу күчтөрүнүн саны акыркы алты жылда 20 пайызга кыскарып, 450 миң адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлигинин баяндамасында айтылганын чет элдик басылмалар жазышты.

Бул баяндама өткөн дем алышта бийликтеги партиянын депутаты тарабынан жарыяланган.

Өкмөттүн айтымында, мындай кыскаруунун негизги себеби - өлкөдөгү төрөлүүнүн өтө төмөн деңгээли. Азыркы учурда ар бир кореялык аялга орточо 0,75 бала туура келет жана бул көрсөткүч дүйнөдөгү эң төмөнкү болуп эсептелет.

Түштүк Корея милдеттүү түрдө аскердик кызмат өтөө тартибин сактап келет. Анткени өлкө формалдуу түрдө дагы эле өзүнүн түндүк кошунасы - өзөктүк куралга ээ Түндүк Корея менен согуш абалында турат.

Түштүк Кореяда быйыл июль айында жарыяланган изилдөөгө ылайык, өлкөнү Түндүк Кореянын кол салуусунан коргоо үчүн жок дегенде 500 миң аскер талап кылынат. Түндүк Кореянын армиясында болжол менен 1,3 миллион аскер кызмат өтөйт деп эсептелет.

Түштүк Кореянын мыйзамдарына ылайык, 18 жаштан 35 жашка чейинки эмгекке жарамдуу бардык эркектер милдеттүү түрдө 1,5 жылдык аскер кызматын өтөшү керек. Аскер кызматы Түштүк Кореяда популярдуу эмес. Милдеттүү аскердик кызматка каршы чыккан көптөгөн адамдар жаштардын карьерасына тоскоол болуп жатканын белгилешет.

Акыркы 10 жыл ичинде Түштүк Корея дүйнөдө эң төмөн төрөлүү көрсөткүчү боюнча бир нече ирет рекорд койду: 2018-жылы бир аялга орточо 0,98 бала, 2020-жылы - 0,84, 2023-жылы - 0,72, ал эми 2024-жылы - 0,75 бала туура келди. Эксперттер эгер бул тенденция уланса, азыркы 50 миллион жараны бар өлкөнүн калкы 60 жылда эки эсеге кыскарышы мүмкүн экенин эскертишет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: