Мамдумага мигранттын балдарына мектепте акысыз окууга тыюу салуу боюнча мыйзам сунушталды
Орусиянын Мамлекеттик Думасына мигранттардын балдарына мектепте акысыз билим алууга тыюу салган мыйзам долбоору сунушталды. Документке ылайык, жаш курагына же классына карабастан чет элдик жарандардын балдары акы төлөп окушу керектигин орус басылмалары жазышууда.
Мындан тышкары, долбоор мектепке кабыл алууда балдарга орус тилин билүү боюнча тестти тапшырууга болгону үч мүмкүнчүлүк берүүнү сунуштайт.
Бул өзгөртүүлөрдү "Билим берүү жөнүндө" мыйзамдын 78-беренесине киргизүүнү бир нече депутаттар сунуш кылды. Алардын арасында:
-
Ярослав Нилов (ЛДПРден чыгарылган),
-
Яна Лантратова (СРЗП),
-
Нина Останина (КПРФ) бар.
Түшүндүрмө катта мыйзам демилгечилери Ички иштер министрлигинин маалыматтарына таянып, Орусияда 638 миңден ашуун жашы жете элек мигрант бар экенин белгилешкен. Анын ичинен 181 миңге жакыны мектепте окуп жатат.

