super.kg logo

Тайванда "Подул" тайфуну жакындап жаткандыгына байланыштуу жапырт эвакуация жүрүп жатат

 

Тайвань бийлиги бүгүн, 12-августта Тынч океанга караган аралдын түштүк-чыгыш жээгиндеги жүздөгөн тургундарды эвакуациялоо боюнча бардык чараларды көрүүдө.

Чет элдик ЖМКлардын маалыматы боюнча, аталган аймактарда эл мурунку тайфундардын кесепетинен келип чыккан суу ташкындары менен катуу шамалдардан али толук кутула элек.

Маалыматка ылайык, аралдын чыгышындагы Хуалянь уездинде болжол менен 700дөй адам эвакуацияланууда.

Синоптиктердин айтымында, саатына 155 чакырым ылдамдыкта жылып келе жаткан "Подул" орточо күчтөгү тайфун болуп саналат. Учурда ал Тайтун шаарын көздөй багыт алууда жана шаршемби күнү жээкке чыгышы күтүлүүдө.

Андан кийин тайфун калктуу батыш жээгине сокку урат, ал эми аптанын аягында Кытайдын түштүгүндөгү Фуцзянь провинциясына өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: