Labubu куурчагын гана уурдаган...Лос-Анжелесте куурчак дүкөнү тонолду (видео)
АКШнын Калифорния штатында белгисиз адамдар Labubu оюнчугун саткан дүкөнгө кирип, миңдеген долларлык товарларды уурдап кетишти. Бул тууралуу жергиликтүү ABC News Local 7 телеканалы билдирди.
Окуя 6-августтун түнүндө Лос-Анжелестен 29 чакырым алыстыкта жайгашкан Ла-Пуэнт шаарында болгон. Байкоо камераларындагы видеодо белгисиз адамдар дүкөндүн эшигин сындырып кирип, Labubu оюнчуктарын жана аларга байланыштуу башка товарларды алып чыгып, андан соң качып кеткенин көрүүгө болот.
Дүкөндүн ээси Жоанна Авендано билдиргендей, дүкөн болгону эки ай мурун ачылган. "Көп товарлар уурдалды, балким, 30 миң долларлык товар уурдалды же андан да көп болушу мүмкүн", — деди ал.
Анын айтымында, уурулар накталай акчаны же башка товарларды албай, атайын Labubu оюнчугу үчүн келишкен. Бирок полициянын документтеринде уурдалган Labubu кутучаларынын баасы болжол менен 7 миң доллар деп көрсөтүлгөнүн NBC News маалымдады.
Эске салсак, буга чейин Labubu оюнчугунун баасы Кыргызстанда 2200 сомго чейин экени айтылган болчу.
Лабубу

