Көчүп кетүүгө макул болбой койгон... Кытайда менчик үйдүн айланасына жол курулду (видео)
Кытайдын Шанхай шаарынын түндүк-батыш тарабында жайгашкан Цзиньси шаарында өзгөчө окуя болду. Анда жеке үйдүн айланасына унаалар жүрүүчү ири жол курулду. Бирок бул жолдун ортосунда Хуан Пин аттуу карыянын үйү калып кеткен.
Маалым болгондой, ага бийлик болжол менен 1,6 миллион юань (222 миң доллар чамасында) жана үч жаңы батир сунуштаган. Бирок ал андан да пайдалуу келишим болушу мүмкүн деп ойлоп, көчүүдөн баш тарткан. Натыйжада жол курулушу башталып, карыянын үйү түз эле жолдун ортосунда калып калган.
Учурда Пин, жубайы жана небереси ызы-чуудан улам тынч жашай албай жатышат. "Эгер убакытты артка кайтара алсам, сунушталган шартка макул болмокмун",— деген ал.
Үйүнө жетүү үчүн карыя чоң түтүк аркылуу шоссенин астынан өтүп кирүүгө мажбур. Бирок акыркы күндөрү "керемет үйгө" туристтер көп келе баштагандыктан, Хуан Пин муну бизнеске айлантууну ойлонууда.
үй
