Ташиев чек ара жаңжалында эки көзүнөн ажыраган жаранга каржылык колдоо көрсөттү(фото)





Бүгүн, 12-августта УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусунун Ноокат районунун тургуну, 2022-жылы Баткен чек ара жаңжалында көзүнө жарылгыч заттын учкуну чачырап, эки көзүнөн жаракат алган Төлөнов Элдияр Таалайбековичди кабыл алып каржылык жардам көрсөттү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Белгилей кетсек, Төлөнов Элдияр 2021-жылы Куралдуу күчтөрүнүн аскердик иниститутун аяктап, 2021-2022-жылдары ИИМ ИА (Баткен) бөлүмүнүн батальондорунун биринин командири, андан соң ротанын командиринин орун басары болуп мамлекетке кызмат өтөгөн. 2022-жылы Баткен районундагы чек ара жаңжалында эки көзүнөн жаракат алып, Түркиядан, андан соң Москва шаарынан дарыланып келет.
Элдияр Төлөновдун 1-топтогу майыптыгы аныкталгандан кийин мамлекет тарабынан 1 794 000 сом бөлүнүп берилип, андан тышкары Бишкек шаарынан батир берилген. Учурда Элдияр Төлөновго ай сайын 15 765 сом жана майыптуулук боюнча 7000 сом пенсиялар төлөнүп турат.
УКМК төрагасы эл жерин коргогон чыныгы офицер, патриот уулду тарбиялап өстүргөн Элдияр Төлөновдун ата-энесине терең ыраазычылыгын билдирди. Мындан ары да колунан келген жардамын аябай турганын айтып, Төлөновго ден-соолук тиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:14
2025-08-12
14:55
2025-08-12

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.