super.kg logo

Польша концерт учурундагы башаламандыкка байланыштуу 57 украиналыкты өлкөдөн чыгарат

 

Польшанын премьер-министри Дональд Туск 9-августта Варшавада өткөн Макс Корждун концерти учурундагы башаламандыкка байланыштуу 57 украиналык жана 6 Беларусь жаранын өлкөдөн чыгарыларын билдирди. Ал бул адамдардын аракеттерин "агрессиялык иш-аракеттер" жана "провокация" деп атап, алар Польшадан чыгышы керек экенин айтты.

Польша полициясы концерте 109 адам кармалганын кабарлаган. Кармалгандарга коопсуздук кызматкерлерине кол салуу, пиротехникалык каражаттарды алып кирүү, баңгизаттарды сактоо жана массалык иш-чарага мыйзамсыз кирүү деген айыптар коюлган.

Туск Польшада антиукраиналык маанайдын күчөшүнө жол берилбеши керектигин белгиледи.

"Украиналыктардын Польшага карата антипатиялык аракеттери жана Польшадагы антиукраиналык маанайды козутуу — бул Путиндин сценарийи, аны чет өлкөлүк агенттер жана жергиликтүү тургундар уюштуруп жатышат", — деп жазды Туск өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: