90 жаштагы кытайлык аял өз баласын коргоо үчүн укук тармагын окуп жатканы айтылды
90 жаштагы кытайлык аял өз баласын коргоо үчүн укук тармагын өз алдынча үйрөнүп жатат. Анын уулу, 57 жаштагы Линь 117 миллион юань шантаж кылды деп айыпталууда.
Айыпталуучу Линь менен Хуан аттуу жергиликтүү ишкер газ казуу тармагында иш алып барышкан. Хуан төлөмдөрдү кечиктирип тургандыктан, Линдин заводунун иши токтоп, олуттуу зыянга учураган. 2014-жылдан 2017-жылга чейин Линь Хуандын салык мыйзамдарын бузганын жарыялоо менен коркутуп, жалпы 117 миллион юань төлөткөн.
2023-жылдын башында Хуан Линге шантаж кылган деп полицияга арыз менен кайрылган.
Сотто Линди коргоо үчүн апасы аракет кылууда. Ал укук боюнча китептерди өз алдынча окуп, күн сайын окшош иштерди караган сотторго барып жатат. Линь адвокат жалдап, энесине жардам берүүнү суранган.

