super.kg logo

АКШда эки учак кагылышып, жарылуу болду (видео)

 

АКШнын Монтана штатындагы Калиспелл шаарында учуп-конуу тилкесинде эки учак кагылышып, жарылып кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Кырсык болгон соң эки учакты жалын каптаган, бирок өрт өчүрүлдү. Учкуч жана үч жүргүнчү аман калган. Эки адам жеңил жаракат алып, медициналык жардам алышкан.

Окуя болгон жерде куткаруучулар, полиция жана өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатышат. АКШ Конгрессинин Монтана штатынан шайланган өкүлү Райан Зинке:"Менин кызматкерлерим учурда Калиспелл-Сити аэропортундагы авиакырсык болгон жерде. Адам өмүрү кыйылган жок. Жергиликтүү бийликке жана аэропортко кырсыктын кесепеттерин жоюуда жардам берүүгө убада берем", — деп жазды.

Эске салсак, 2025-жылы АКШда бир нече олуттуу авиакырсыктар болуп, авиация коопсуздугуна байланыштуу тынчсыздануу күчөгөн. Алардын ичинен эң чоң трагедия — Вашингтондун үстүндө жүргүнчү лайнеринин жана аскердик тик учактын кагылышы, анда 67 адам каза болгон. Бул окуя аба мейкиндигин көзөмөлдөө системасындагы мүчүлүштүктөрдү жана диспетчердик кызматтарга карата сын-пикирлерди күчөткөн. Ошондой эле Филадельфия, Сан-Диего жана Аляскада медициналык жана жеке учактар кулап, экипаж мүчөлөрү, бейтаптар жана жергиликтүү тургундар набыт болгон.






учак

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: