super.kg logo

Түштүк Кореянын соту мурдагы биринчи айымды камакка алуу чечимин чыгарды

 

Сеулдун Борбордук округдук соту Түштүк Кореянын мурдагы биринчи айымы Ким Гон Хини камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Өлкө тарыхында мурдагы президенттин жубайын камакка алуу ордери биринчи жолу берилди. Ким Гон Хинин күйөөсү, мурдагы президент Юн Сок Ёль 10-июлдан бери тергөө абагында кармалууда.

Атайын прокурорлор Ким Гон Хинин камалышынын негизги себеби катары далилдерди жок кылуусу экенин айтышты. Ал эми коргоочулары Ким Гон Хинин күнөөсүн четке кагып, ден соолугу начар экенин белгилешти. Камакка алуу маселеси боюнча угуулар төрт саатка созулду, ал эми чечим чыкканча Ким Гон Хи Түштүк Сеулдагы тергөө абагында күттү.

Башында прокуратура аны күйөөсү жаткан Сеул тергөө абагына жайгаштырууну сунуш кылган, бирок мекеме администрациясы аны башка жайга жөнөтүүнү өтүнгөн.

Атайын прокурорлор Ким Гон Хиге каршы 16 пункттан турган айыптарды иликтеп жатышат. Алардын ичинде Deutsch Motors автоунаасы боюнча баалуу кагаздарды жасоо, кымбат белектер үчүн коррупция, депутаттыкка талапкерлерди тандоого кийлигишүү айыптары бар.

Юн Сок Ёль былтыр, 3-декабрда, аскердик абал жарыялоо үчүн армияга парламентти көзөмөлгө алуу буйругун берген. Бул аракет ийгиликсиз болуп, өлкөдө чоң саясий кризис жаралган. 14-декабрда парламент Юнга импичмент жарыялап, 15-январда ал камакка алынган. Ал эми 4-апрелде Конституциялык сот импичментти күчүндө калтырган соң, мөөнөтсүз президенттик шайлоо дайындалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: