super.kg logo

Тибеттеги жаныбарлардын үйүрүнө антилопа сымал робот жиберилди (видео)

 

Кытайлык илимпоздор Тибет тоо кыркаларындагы антилопалардын жашоо чөйрөсүн жана экологиялык абалын байкоо үчүн жаныбарга окшош роботту антилопалардын үйүрүнө кошушту. Бул тууралуу "Синьхуа" агенттиги билдирди.

Түндүк-Батыш тоо биологиясы институтунун (NWIPB) илимий кызматкери Лянь Синьминдин айтымында, “Тибеттик антилопанын роботу” антилопалардын жүрүм-турумун изилдөөгө так жана ишенимдүү маалыматтарды берет, ошондой эле сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарларды жана коруктагы табигый экологияны коргоодо жардам көрсөтөт.

Маалыматка ылайык, робот эки километр жол басып, 4600 метр бийиктиктеги Кэкэсили коругундагы антилопалардын үйүрүнө ийгиликтүү аралаша алды. Мунун аркасында изилдөөчүлөр жапайы жаныбарларды жакын аралыктан байкай алышты.

Агенттик жарыялаган видеодо робот төрт буттап жүрүп, сырткы көрүнүшү чыныгы антилопага окшоштурулган. Көзүнүн астына эки камера орнотулган.

Тибеттик антилопа -дүйнөдөгү эң аз изилденген туяктуу жаныбарлардын бири. Негизинен алар Тибет тоо талааларында жана Индиянын Ладакх аймагында жашайт. Баалуу жүнүнөн улам браконьерлердин курмандыгы болуп келишет.






видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: