super.kg logo

Орусиянын альпинизм боюнча улуттук командасынын капитаны Тотмянин Бишкекте көз жумду

 

Кечээ, 12-августта Бишкек шаарында Орусиянын белгилүү альпинисттеринин бири, алты жолку "Кар барсы" наамынын ээси Николай Тотмянин дүйнөдөн кайтты.

Орусиянын альпинизм федерациясы билдиргендей, анын жүрөгү Чоң-Алай районунда жайгашкан "Жеңиш" чокусунан кайтып келгенден кийин токтоп калган.

Николай Тотмянин - Орусиянын эмгек сиңирген спорт чебери, кесипкөй тоо гиди жана өзүнүн бүтүндөй өмүрүн бийик тоо чокуларына чыгууга арнаган адам. Анын көрүнүктүү жетишкендиктеринин катарында Жанну чокусу (7710 метр), К2нин батыш капталы, Эйгердин түндүк капталы, Корженевская чокусу, Эвересттин түндүк тарабы аркылуу көтөрүлүү жана Кавказдын, Памирдин, Теңир-Тоонун, Каракорумдун, Гималайлардын жана Альп тоолорунун эң кыйын чокуларына жасаган көптөгөн башка чыгуулары бар.

Ал Орусиянын альпинизм боюнча улуттук командасынын капитаны жана көптөгөн экспедициялардын катышуучусу болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: