Португалияда кош бойлуу аял көчөдө көз жарды
Португалиянын саламаттык сактоо министри Марта Темидо Саламаттык сактоо боюнча башкы инспекциядан Каррегадолук 28 жаштагы келин көчөнүн ортосунда көз жаргандан кийин иликтөө жүргүзүүнү суранды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
28 жаштагы аял Каррегадо шаарындагы Avenida da Associação Desportiva көчөсүндө жайгашкан кофекананын жанында толгоосу башталган. Ата-энеси "Тез жардам" кызматын чакырып, бирок көчөнүн атын эстей албай калышкан. Келин 10 мүнөттө көз жарып, күбөлөр суу, сүлгү алып келишкен. Жаңы төрөлгөн наристенин киндиги кесилип бүткөндө "Тез жардам" келген.
Төрөт учурундагы аялдын апасынын айтымында, биринчи "Тез жардам" аларды ала албай, экинчисин күтүүгө аргасыз болушкан. Төрөттөн 45 мүнөттөн кийин гана эне-бала Сантарем ооруканасына жеткирилген. Учурда алардын абалы жакшы.
