Ким Чен Ын ар дайым Орусияны колдоорун билдирди
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Пхеньян ар дайым Москваны колдой турганын билдирди. Бул тууралуу Кореянын Борбордук маалымат агенттиги (KCNA) билдирди.
"Жолдош Ким Чен Ын биздин мамлекетке жана аскерлерге Путиндин берген жогорку баасы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, КЭДР ар дайым КЭДР менен Орусиянын ортосундагы келишимдин духуна ишенимдүү бойдон кала берерине жана Орусия жетекчилиги тарабынан көрүлүп жаткан бардык чараларды мындан ары да ар тараптуу колдооруна дагы бир жолу ишендирди",- деп айтылат билдирүүдө.
Эки өлкөнүн лидерлери эки тарапты кызыктырган маселелер боюнча пикир алмашып, мындан ары да тыгыз байланыштарды түзүүнү макулдашышты. Сүйлөшүү "жылуу, достук маанайда" өткөнүн билдирет агенттик.
Бир күн мурда Кремлдин басма сөз кызматы Владимир Путин Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн жана аны менен АКШнын президенти Дональд Трамп менен боло турган жолугушуусу тууралуу маалымат бөлүшкөнүн кабарлаган. Эки өлкөнүн лидерлери өлкөлөр ортосундагы достук, жакшы коңшулаштык жана кызматташтык мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө умтула тургандыгын ырасташты. Орус президенти Курск аймагын киевдик режимдик кошуундардан бошотууда КЭДРдин көрсөткөн колдоосун жогору баалады.
