Бишкекте милиция бөлүмүндө каза болгон 25 жаштагы жарандын иши боюнча прокуратура иш козгоду
Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясында каза болгон 25 жаштагы жарандын иши боюнча кылмыш иши ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта Башкы прокуратура билдирди.Айта кетсек, Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин №1 шаардык милиция бөлүмүндө М.А. аттуу жаран каза болгондугу боюнча маалымат тарап, окуя 9-августта катталды.
Маалыматта белгилегендей, Ленин районунун прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренесинин 2-бөлүмүнүн 4-пунктунда. (бийликтен аша чабуу) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иш козголуп, тергөө аракеттерин жүргүзүү УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгына тапшырылды.
Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тийиштүү тергөө аракеттери прокуратура органынын көзөмөлү астында жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















