Эверест чокусуна чыгуу акысы көтөрүлөт
Непал туризмди жандандыруу максатында 2 жыл бою 97 чокуну акысыз чыгууга ачты. Эверестке чыгуунун акысы болсо 10 жылдан кийин биринчи жолу көтөрүлөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, Непал туризмди өнүктүрүү үчүн келерки эки жыл ичинде Гималайдагы 97 чокуну акысыз чыгууларга ачат.
Дүйнөдөгү эң бийик чоку - Эверестке чыгуу үчүн төлөмдөр сентябрдан тартып дээрлик он жылдан кийин биринчи жолу жогорулайт. Акысы 15 миң долларга чейин көтөрүлөрү айтылды.
Непал Туризм департаменти бул жаңы системанын өлкөнүн "ачыла элек туризм потенциалы жана багыттарын" жарыялоого багытталганын белгиледи.
Дүйнөдөгү эң бийик 10 тоонун 8и Непалда жайгашкан. Ал жакта тоого чыгуу негизги киреше булагы болуп саналат. Өткөн жылы тоого чыккан туристтерден жалпы 5,9 миллион доллар түшсө, анын үчтөн эки бөлүгү Эвересттен келген.
Акысыз болгон чокулар Непалдын Карнали жана Судурпашчим аймактарында жайгашкан. Бул тоолордун бийиктиги 5970 метрден 7132 метрге чейин жана өлкөнүн эң жакыр, аз өнүккөн райондорунун биринде жайгашкан.
Акыркы эки жылда ушул 97 чокуга чыккан тоочулардын саны болгону 68 болсо, 2024-жылы Эверестке чыгууга 421 уруксат берилди. 8849 метр бийик Эверест акыркы жылдары өтө көп адамдын барышы, экологиялык көйгөйлөр жана каза болгон учурлар менен коомчулукта талкууланып келет.
2024-жылдын апрелинде Непал Жогорку соту өкмөттөн Эверест жана айрым башка чокуларга берилген уруксаттарды чектөөнү талап кылган.
Непал парламентинде каралып жаткан жаңы мыйзам долбоору боюнча, Эверестке чыгуу үчүн өлкөдө 7000 метрден бийик тоого чыгуу милдеттүү болот. Бул Карнали жана Судурпашчимдеги акысыз чокулары "идеалдуу машыгуу аймагы" болмокчу.
