"Элдик Банк" "Скай Мобайл" компаниясын сатып алды
"Элдик Банк" ААКсы Beeline Кыргызстан бренди менен иштеген "Скай Мобайл" компаниясынын 100 пайыз акциясын сатып алуу боюнча келишимди жыйынтыктады. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.
Бул чечим президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан ырааттуу мамлекеттик стратегиянын бир бөлүгү болуп саналат жана улуттук кызыкчылыктарды бекемдөөгө, санариптик инфраструктураны өнүктүрүүгө жана экономиканы модернизациялоого багытталган.
"Стратегиялык телекоммуникациялык активди сатып алуу заманбап финансылык жана санариптик кызматтарды интеграциялоо, жарандар жана бизнес үчүн технологиялардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле инновациялык өсүштү өбөлгөлөө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Келишим ачык-айкындуулуктун жана корпоративдик башкаруунун эл аралык стандарттарын сактоо менен жүргүзүлдү, бул инвестициялык климатты жана өлкөнүн экономикасынын негизги секторлорунун туруктуу өнүгүүсүн бекемдөөгө өбөлгө түзөт",- деп жазылат маалыматта.


