Италияда эки адам бутербродго ууланып каза болду

Италиянын Калабриядагы Диаманте шаарында эки адам ууланып каза болуп, 14 адам, анын ичинде эки өспүрүм ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Жабырлануучулар тамак-аш ташуучу унаадан колбаса кошулган бутерброд жешкени айтылууда. Болжол менен уулануунун себеби ботулизм токсиндери.
"52 жаштагы сүрөтчү Луиджи ди Сарно жана 45 жаштагы Тамара Д'Акунто каза болушкан. Ушул жумада экспертиза жүргүзүлөт. Дагы 14 адам, анын ичинде эки өспүрүм ууланып, ооруканага жеткирилди. Жабырлануучулардын баары бутерброд жегенден кийин 24-48 сааттын ичинде ооруп калышкан",- деп айтылат макалада.
Тогуз киши - тамак-аш ташуучу унаанын ээси, бутерброд жасаган компаниянын үч кызматкери, ошондой эле бир нече дарыгер тергөөдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:41
2025-08-13
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.