Болгариядагы Дүйнө биринчилигине катыша турган кыргыз балбандарынын тизмеси
17-августта Болгариянын Самоков шаарында U-20 дүйнө чемпиондугу старт алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Ага ылайык, турнирге эркин күрөш, кыз-келиндер күрөшү жана грек-рим күрөшү боюнча жалпысынан 650гө жакын спортчу катышары күтүлүүдө. Турнир эркин күрөш менен башталып, андан соң кыздар күрөшү өтөт. Чемпиондук 24-августта грек-рим күрөшү менен жыйынтыкталат.
Аталган эл аралык мелдеште Кыргызстандын курама командасынын балбандары грек-рим, кыз-келиндер жана эркин күрөш боюнча беттештерде килемге чыгышат.
Эркин күрөш:
Баяман Керимбеков - 57 килограмм;
Аскат Токтоматов - 61 килограмм;
Өмүрбек Асан уулу - 65 килограмм;
Залкарбек Табалдиев - 70 килограмм;
Адилет Акылбеков - 74 килограмм;
Максат Табылдиев - 79 килограмм;
Элнур Акыбаев - 86 килограмм;
Айтеңир Максатов - 97 килограмм;
Жаргалан Будажапов - 125 килограмм.
U-20 эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын улук машыктыруучусу – Алмазбек Аскаров.
Кыздар күрөшү:
Дильназ Абдыкадырова - 50 килограмм;
Асема Анаркулова - 65 килограмм;
Гүлнура Таштанбекова - 68 килограмм;
Кайыркүл Шаршенбаева - 72 килограмм;
Айжаркын Жанышбекова - 76 килограмм.
U-20 кыздар күрөшү боюнча улуттук курама команданын улук машыктыруучусу – Билимбек Капарбек уулу.
Грек-рим күрөшү:
Өмүр Ынтымак уулу - 55 килограмм;
Кубаныч Аринов - 60 килограмм;
Эмирлан Дүйшөналиев - 63 килограмм;
Жантөрө Мирзалиев - 67 килограмм;
Кутман Темирбеков - 72 килограмм;
Раатбек Паязбеков - 77 килограмм;
Рысбек Калыев - 82 килограмм;
Адилет Кенжебеков - 87 килограмм;
Салахидин Акназаров - 97 килограмм;
Таласбек Бообеков - 130 килограмм.
U-20 грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын улук машыктыруучусу – Рыскулбек Эгеев.
13.08
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:49
2025-08-09
14:53
2025-08-04
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.