Индияда селфи тартам деген турист пилдин тебелендисинде калды (видео)
Индиянын Карнатака штатында турист селфи тартам деп пилге жакын барганда, жаныбар ага кол салды.
Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, турист жол боюнда сабиз жеп жаткан пилди көрүп, сүрөткө түшүп алууну чечкен. Бирок телефонундагы жарык жаныбарды чочутуп жиберип, ал туристти кубалаган. Качып бара жатып кулап, пилдин тебелендисинде калган турист оор жаракат алды.
"Ал аман калган, бирок оор абалда ооруканага жеткирилди",- деп маалымдалды.
Мындан тышкары, жапа чеккен туристке жапайы жаныбарларга жакын баруу эрежелерин бузганы үчүн - 25 миң рупий айып пул салынды.
Пил тебелеп кеткен турист
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.