super.kg logo

Жалал-Абад казыяты жаңы административдик имараттын курулушу менен таанышты (фото)

 

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков баш болгон казыят кызматкерлери Жалал-Абад шаарында курулуп жаткан жаңы административдик имаратты зыярат кылышты. Бул тууралуу аймактык казыяттын маалымат адиси Талгат Абдракманов маалымдады.

Шаар мэри Эрнисбек Ормоков казыят өкүлдөрүнө курулуштун жүрүшү, анын маанилүүлүгү жана келечектеги мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, бул имаратта шаардык мэрия жана президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү жайгаша турган болуп, кызматкерлер үчүн заманбап шарттар түзүлөт.

Облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков курулушту тарыхый мааниге ээ, архитектуралык өзгөчөлүгү менен көзгө көрүнүктүү кооз имарат деп мүнөздөп, куруучуларга жана аны колдогон шаар, облус жетекчилерине ыраазычылык билдирди. Ошондой эле өлкө тынчтыгы жана эл биримдиги үчүн дуба кылды.

Курулуш аяктагандан кийин бул имарат Жалал-Абад шаарынын маанилүү символдорунун бири болору күтүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: